Суу чарба жана мелиорация департаментинин 2017-жылдын III-кварталындагы каржы жана чарбалык ишмердигинин аткарылышы жана 2017-жылдын IV-кварталына милдеттери жөнүндө коллегиясы болуп өттү.
Среда, 08 Ноябрь 2017 10:39

Суу чарба жана мелиорация департаментинин 2017-жылдын III-кварталындагы каржы жана чарбалык ишмердигинин аткарылышы жана 2017-жылдын IV-кварталына милдеттери жөнүндө коллегиясы болуп өттү.

Коллегиянын отурумуна төмөнкүлөр катышышты:

Коллегиянын отурумунун мүчөлөрүнөн: Таштаналиев К.Ж –  суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директору; Койлубаев А.К –  суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директордун орун басары; Жусуматов Э.Ж – суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директордун орун басары; Гутник В.Г – суу чарба жана мелиорация департаментинин суу чарба курулмалар бөлүмүнүн башчысы; Байболотов К.Ж – суу чарба жана мелиорация департаментинин админстративдик колдоо бөлүмүнүн башчысы; Джолдошалиев И.А. – суу чарба жана мелиорация департаментинин техникалык экспертиза жана инвестиция бɵлүмүнүн башчысы; Дуйшеев М.К. – суу чарба жана мелиорация департаментинин үнɵм, каржы жана эсеп башкармасынын башчысы; бассейндик суу чарба башкармалыгынын башчылары жана ошондой эле  суу чарба жана мелиорация департаментинин карамагындагы мекемелер уюмдар.

Коллегиянын отурумун суу чарба жана мелиорация  департаментинин директору К. Таштаналиев ачты. 2017-жылдын III-кварталындагы каржы жана чарбалык ишмердигинин аткарылышынын жыйынтыгы жана 2017-жылды ийгиликтүү аяктоо маселелери боюнча” негизги баяндамачы катары Генералдык директордун орун басары Э. Жусуматов кенен отчету менен чыгып сүйлөдү. Андан соң кыскача күн тартибиндеги коюлган маселелер боюнча Суу чарба жана мелиорация Департаментинин бассейндик суу чарба башкармалыгынын башчылары баяндама берешти.

            Суу чарба жана мелиорация департаментинин Башкы директору Таштаналиев К.Ж. өз сөзүндө, 2017 –жылда былтыркы жылга салыштырмалуу суу өз убагында пландан 450 млн. м3 көлөмүндө ашык берилиши жана 240 миң.га көбүрөөк сугарылгандыгы жөнүндө жана башка көрсөткүчтөрдөгү ийгиликтерди белгиледи. Ага карабастан эң көйгөйлүү маселелердин бири суу пайдалануучу ассоциациялардын кредитти кайтаруу боюнча маселеге көңүл буруп, СПАлар менен Департамент түздөн түз иштөө  жана СПАлардын мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү иштерин алып баруусун баса белгиледи.

            Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан суу чарба тармагына көп көңул бурулгандыгы, тышкы инвестор, донорлор тарабынан инвистициалык салымдарын салганга кызыктар экенин билдирүүдө, андыктан бассейндик суу чарба башкармалыгынын башчыларына мынданары да олутту иш аракеттерди жүргүзүшү керектиги айтылып кетти.

Отурумдун аягында Суу чарба жана мелиорация департаментинин 2017-жылынын 9 айда жасалган иштери  жана негизги багыттар боюнча  жыйынтыктар чыгарылды, ошону менен жылдын жыйынтыгында аталган айрым кемчиликтерди жоюп иш пландардын толук аткарылышы тууралу талап коюлду.

Read 1521 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…