Долбоордун аймактардагы максаттуу бенефициарлары Нооруз майрамын кандай майрамдашты?

Лента новостей

Долбоордун аймактардагы максаттуу бенефициарлары Нооруз майрамын кандай майрамдашты?

Нооруз табиятынан дыйканчылык майрамы. Андыктан эзелтен келе жаткан салт боюнча жаңы жылдык дасторконго ден-соолук үчүн түрлүү даамдар коюлган: алма, көк чөп, нан жана дан азыктары, чычырканактын ашы, сарымсак жана башкалар.

 «Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоорунун активистери Нооруз күнү толук кандуу тамактануу боюнча негизги билдиргичтерди максаттуу айылдык аймактарда жалпы элге тартуулады. Ошондой эле, бул күнү туура тамактануу боюнча ар кандай конкурстар, викториналар уюштурулуп, жеӊүүчүлөргө тамактануу пирамидасы, рецепттер китеби, аз кандуулуктун алдын алуу боюнча негизги билдиргичтери чагылдырылган плакат-календарлар белек катары таратылды.

Ушул күнү майрамдык маанай оюндар менен коштолуп, шайыр апалар, өспүрүм кыздар улуттук бий, ырларды тартуулашты. Ошондой эле улуттук салттар, көчмөн калктын адаттары көрсөтүлдү.

 Ушундай иш чаралар 2019-жылдын 21-22-мартында Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Ормош айылында, Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айылында, Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагында өткөрүлдү.

Прочитано 3197 раз Последнее изменение Вторник, 16 Апрель 2019 06:22
Авторизуйтесь, чтобы получить возможность оставлять комментарии

СВР

 

Служба водных водных ресурсов при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики

График

Рабочие дни:

Понедельник - Пятница с 9:00 - 18:00 

Выходные дни:

Суббота, Воскресенье

Контакты

Адрес:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (приемная)

Факс:  

+996 312 54 90-94

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…