“Эмгегиң күчтүү болсо – татканың таттуу болот”

Лента новостей

“Эмгегиң күчтүү болсо – татканың таттуу болот”

«Мен, Ахматова Жыпар, Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Байзак айылында жашайм. 2018-жылдан бери APNIP долбоорунун ыктыярчысы болуп эмгектенип келем. 5 баланын апасымын. Ыктыярчы болгонго чейин дыйканчылык менен алек болчумун. Бул ыктыярчылык иштин артынан ѳзүм үчүн кѳп пайдалуу жана керектүү маалыматтарды угуп үйрѳнүп, учурда айылдын тургундарына, кыз-келиндерине жеткиргенге аракет кылуудамын. Биз буга чейинки окууларга маани берип катышпагандыктан эч нерсе билбей келдик. Азыр #APNIP долбоорунун алкагында ѳткѳрүлүп жаткан окутуулардын жана тараткан маалыматтардын негизинде жашоомдо чоң ѳзгѳрүү болду десем жаңылышпайм», дейт Жыпара.

«Аз кандуулукту алдын алуу үчүн туура тамактануу керектигин, туура тамактануу үчүн кѳбүрѳѳк витаминдерди колдонуу керектигин, витаминдерди кайсыл жер-жемиш, ѳсүмдүктѳрдѳн аларыбызды ушул APNIP долбоорунан алган маалыматтан кийин түшүндүм. Балдарым эрте 18 жаш куракта эле үйлѳнгѳндүктѳн, келиндерим да жаш болуп, аз кандуулук менен жабыркашкан экен. Азыркы тапта келиндеримди жана кыздарымды туура тамактанууга, витаминдүү жер-жемиштерди кѳбүрѳѳк колдонуп, чайдын ордуна компот, жарма колдонгонго үйрѳтүүдѳмүн. Мындан тышкары да медицина кызматкерлерине убагында кайрылуусун жана алардын да кеңештерин алуусу керектигин айтуудамын. Биз, үй-бүлѳѳбүз менен мурда чайды кѳп колдонсок, азыр зыяндуулугун билгенден кийин компотту, жарманы кѳбүрѳѳк колдонгонго ѳттүк. Ѳзүм болсо бакчамдагы ээн болгон жерлерди аракет кылып ѳздѳштүрүп, жер-жемиштин түрүн айдап, үй-бүлѳѳм менен пайдалануудамын. Ѳзүм эле пайдаланбастан кошуналарыма, курбуларыма (петрушка, укроп, кок пияз, салат, райхон) кѳк чѳптѳрдѳн кѳбүрѳѳк пайдалангыла, витаминдердин баары ушул чѳптѳрдѳ болот деп айтып, үзүп берүүдѳмүн. Мурда үй-бүлѳѳмѳ жеткидей эле жер-жемиш айдаган болсом, азыр бакчамдын болгон жерине түрлѳп жер жемиштерди айдап эмгектенүүдѳмүн, кылган эмгегимдин акыбети акырындап кайтууда. Анткени, эки жылдан бери ѳзүмдүн эмгегим менен ѳстүргѳн жер жемиштеримди кургатып, тоңдуруп сактоодомун. Ѳзүм эле колдонбостон балдарыма, курбуларыма да берем. APNIP долбооруна элдин ден-соолугуна пайдасын тийгизген окууларды ѳткѳрүп, үйрѳтүп жатканына ырахматымды айткым келет», дейт Жыпар Ахматова.

Прочитано 468 раз Последнее изменение Понедельник, 27 Сентябрь 2021 04:18
Авторизуйтесь, чтобы получить возможность оставлять комментарии

СВР

 

Служба водных водных ресурсов при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики

График

Рабочие дни:

Понедельник - Пятница с 9:00 - 18:00 

Выходные дни:

Суббота, Воскресенье

Контакты

Адрес:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (приемная)

Факс:  

+996 312 54 90-94

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…