Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Аримжан айылында Талаа күнү ѳткѳрүлдү

Лента новостей

×

Внимание

There was a problem rendering your image gallery. Please make sure that the folder you are using in the Simple Image Gallery Pro plugin tags exists and contains valid image files. The plugin could not locate the folder: images/arimzhan

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Аримжан айылында Талаа күнү ѳткѳрүлдү

Үстүбүздѳгү жылдын 27-август күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Аримжан айылында #APNIP долбоорунун алкагында уюштурулган талаа күнү ѳткѳрүлдү.

Иш-чарага Ноокен райондук агрардык ѳнүгүүнү башкаруу мекемесинин директору - А. Асанов, Сакалды айыл аймагынын биринчи орун басары – Э. Исмаилов, Таймѳнкү СПАнын жетекчиси - М. Назирбаев, айылдык кеңештин тѳрагасы - А. Нышанбаев, Ноокен районун Достук, Сейдикум айыл аймактарындагы ѳз-ара жардамдашуу топтору, Жалал-Абад айылдык кеңеш берүү кызматынын адистери, АИРдин координатору - К. Орунбаеева, Органика департаментинин Жалал-Абад облусундагы филиалынын ѳкүлү -А. Ахмедов, туура тамактануу боюнча айылдык АДКнын ѳкүлү – К. Салиева жана кызыктар фермерлер, жалпы 56 киши, алардын ичинен 45 аял катышты.

Талаа күнүнүн эң негизги максаты долбоор тарабынан түзүлгѳн ѳз-ара жардамдашуу топторунун арасында жашылча ѳстүрүү боюнча тажрыйба алмашуу, туура тамактануу, үй шартында тамактануунун деңгээлин жакшыртуу, айыл жергесинде жакырчылыктын деңгээлин тѳмѳндѳтүү болуп саналат.

Иш-чарада Таймѳнкү СПАсынын тѳрагасы долбоор тарабынан кѳрсѳтүлүп жаткан жардамдар тууралуу кеңири айтып, 3-компоненттин ишмердүүлүгү жѳнүндѳ катышуучуларга толук маалымат берди.

Талаа күнүндѳ жалпы катышуучулар 3 топко бѳлүнүп:

* 1-топ жашылча илдеттерине каршы органикалык биологиялык каражаттарды колдонуу;

* 2-топ болгар калемпирин жана капустаны ѳстүрүүнүн агротехникасын;

* 3-то помидор жана бадыраңды ѳстүрүүнүн агротехникасын практика жүзүндѳ катышуучуларга кѳрсѳтүп беришти.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Аримжан айылында Талаа күнү ѳткѳрүлдү.

{gallery}arimzhan{/gallery}

Прочитано 1061 раз Последнее изменение Понедельник, 27 Сентябрь 2021 04:17
Авторизуйтесь, чтобы получить возможность оставлять комментарии

СВР

 

Служба водных водных ресурсов при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики

График

Рабочие дни:

Понедельник - Пятница с 9:00 - 18:00 

Выходные дни:

Суббота, Воскресенье

Контакты

Адрес:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (приемная)

Факс:  

+996 312 54 90-94

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…